super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "Кумтөр" маселесин чече турган эки гана жол бар"

 

Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында өкмөт “Кумтөр” долбоорунун ишине байланыштуу маалымат берип жатат. Премьер-министр Темир Сариевдин айтымында, учурда канадалык "Центерра" ишканасы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. "Алдын ала жооптор келүүдө, бирок кат жүзүндө бир да жооп келе элек. Азыркы тапта "Кумтөр" маселесин чечүүчү 2 жол бар. Биринчиси - үлүштү 50х50 пайыздан бөлүп, бирок кыргыз тарап койгон шарттарды эске алуу менен баруу. Экинчиси - кыргыз тараптын үлүшүн 33 пайыз бойдон калтырып, өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүздөн пайдаланып, экономикалык, каржылык жана башка маселелерди бизге пайдалуу кылып чечишибиз керек",- деди өкмөт башчы.

Айта кетсек, буга чейин өкмөт "Центерра" менен "Кумтөрдөгү" үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү шартында биргелешкен ишкана түзүү келишимине токтолушкан. Бирок экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бул макулдашуу кыргыз тарапка пайдасыз экенин таап, кол койбогонуна "туптуура кылыппыз, бизди Кудай сактаптыр" деп жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: