Кыргыз-өзбек чегинде эки өлкөнүн чек арачылары атыша кетип, өзбек тараптан бир аскер жаракат алганы айтылууда
Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чегинде эки өлкөнүн чек арачылары атыша кетишти. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, атышуу бүгүн, 29-июнда орун алган. Анда айтылгандай, "Айдаркен" чек ара отрядынын “Кара-Шоро” чек ара заставасынын жоопкерчилигиндеги “Машаланг” чек ара көзөмөл-постунун аймагында кыргыз өлкөсүнүн чек ара кызматкерлери мамлекеттик чек ара сызыгында турган өзбек чек арачыларына эскертүү иретинде ок чыгарышкан, бирок өзбек тарап адамды көздөй ок аткан. Эки республиканын чек ара кызматкерлеринин ортосундагы атышуу мамлекеттик чек аранын такталбаган тилкесинде болгон. Атышуу ошол замат токтотулган. Учурда окуя боюнча тергөө иштери башталды. Айрым маалымат булактары атышуудан бир өзбек чек арачысы жаракат алганын жазышты.


Улуттар аралык түшүнбөстүктү жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Кыргыз тилинде "кезметчи" деген сөз бар.
Улуттар аралык түшүнбөстүктү жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Дагы кайталанса сайттан узак убакытка четтетилесиз.
Улуттар аралык түшүнбөстүктү жарата турган билдирүүлөрдү жазууга жол берилбейт.