super.kg logo

Туратбек Мадылбеков: "Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү артка чакырып алуу өзүнүн жүзүн сактап калуу үчүн жасалган саясий эки жүздүүлүкпү?"

 

КСДП фракциясынын лидери күтүлбөгөн жерден эле Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү добуш берүүдөн алып салуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды. Ал "мөңгүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылгандан кийин кайрылуу керек" деп жазат кайрылуусунда. Бул депутаттын аргументтери мени таң калтырды. Ал азыр чындап эле Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүндөгү кырдаал башка эч убакта кайталанбай турган чечим табуу керектигин айтып жатат. 

"Бул кайрылуу таң калууну жаратат. Кечээ эле "мөңгүлөрдү эмне кылсаңар ошо кылгыла, эң башкысы, "Центерра" таарынбаса болгону" деген ойдо сүйлөп, добуш берип жатышкан. Бүгүн болсо жаратылышты көкүрөгү менен тосуп коргоп жатканы таң каларлык. Бул өзүнүн жүзүн сактап калуу үчүн жасалган саясий эки жүздүүлүкпү? Көрсө, "Ата Мекен" партиясынын көп жылдардан бери "Кумтөрдү" тартипке келтирип, бул кендин үстүнөн мамлекеттин ээлигин калыбына келтирүү керектигин айтып күрөшүп жүргөнү "популизм" экен да, ал эми 2 күндүн ичинде көз карашын карама-каршы тарапка өзгөртүү "жогорку жоопкерчиликти көрсөтүү" экен..."- деди Туратбек Мадылбеков

Бул багытта "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзүнүн позициясын байма-бай түшүндүрүп келди. Өткөн жумада эле ал маалымат жыйынын өткөрүп, Суу кодексине өзгөртүүлөрдү жападан жалгыз чет өлкөлүк компаниянын кызыкчылыгында киргизүү дүйнөлүк саясий практикада болуп көрбөгөн окуя экендигин түз айтты. Лидердин бул позициясын көзгө илбей коюу мүмкүн эмес эле. Кашкайган аргументтердин алдында өкмөттүн, аны колдогон депутаттардын карманган позициялары шоона эшпей калды. Натыйжада аталган маселенин каралышы аныкталбаган мөөнөткө жылдырылганын билдирген жогорудагы билдирүү пайда болду. Биздин балдардын жана неберелердин келечеги болгон жаратылышыбыз саясий оюндардагы теңге сыяктуу ойнолбошу керек. Муну өзүнүн көз карашын келип-кетчү кызыкчылыктарга алмаштырганды жакшы көргөндөр бекем эсине сактап калышын өтүнөбүз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
29.06.2015. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биринчинен шайлоо жакындап жатат озунун рейтингин которуш керек КСДП.Экинчинен Армениядагыдай чон каршылык акциялар Кыргызстанда дагын б-п кетишинен коркушуп бийлик партиясы КСДП бул мыйзамды артка кайтарды.
29.06.2015. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бийликти түшүнбөйсүң? Кечээ эле, "Суу кодексине өзгөртүү киргизбесек Кумтөр токтойт. Давыдов мөңгүсүн алып таштабасак муз жылып келип карьерди басып калат" деп жатышкан. Бүгүн болсо....
29.06.2015. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эл алдында озунун позициясын сактап калыштын бир амалы болуптур. Антпесе да болбойт,коркту жоопкерчиликтен,баарибир бир кун жоопко тартылаарын билишти. Эгер кабыл алышса буларга минус эле болмок.
29.06.2015. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайдагы бир чет олколук компаниянын кызыкчылыгы учун кодекстерди закондорду жада калса конституциябызды озгорто берген депутат соройлорго айтарым Биз озубузчо Мамлкет экенибизди эсинерден чыгарбагыла. Абийиринерди сактагыла.
29.06.2015. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ч.Турсунбеков и башка доо-шаалары КСДПнын карады,макул деп добуш берсек шайлоодо барьерден отпой калабыз деп,анан кайра Кыргызстан учун куйгон киши болушуп артка кайтарттырышат.тооба силерден бардык нерсени кутсо болот.куйгузот да куйгузот жообу КСДПнын.
30.06.2015. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев азамат мен мурда сизди анча барктабачы элем мен аябай ыраазы болдум атамекен партиясы жуз процент против голосовать эткенинерде
30.06.2015. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
uli1988,керек болсо эртен жуз пайызы менен кайра макулдугун билдиришет. ошо силерге окшогондорго жакшы корунуп оздорун патриоттордун катарына киргизип упай топтоп атышат
30.06.2015. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийлик башындагы партия ушинтип тулкунун куйругундай бултандап турса,мамлекеттин тагдырын эмне болот дебей койбойт экенсин.Кечээ айтканын бугун 100% жокко чыгарып, ыйлаган кыз ыйлабаган кыздын бетин тытат болуп кайра Ата Мекенди шыбап,эч уялып койбой дале озун экологияга куйгон киши коргозгусу келет.Акча,бийлик учун ушунчалыкка барып эртен элдин бетин кантип карайбыз деген сезимдин жоктугун коруп,алла деп аргасыз жаканды кармайсын.
30.06.2015. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Саясатта эн онуккон нерсе бул популизм. Жагдайдан шап этип пайдаланып сразу кокурогун койгулап бакылдап куйгон киши болуп чыга калышат. Арадан убакыт отконсон же ал жагдайдан отконсон,ал кишини таппай каласын. Булардын баары саясатта озунун жузун,озуно ынгайлуу болгон позициясын сактап калууга болгон аракеттери. Ошондуктан саясатчы кишилердин жузу жок болот,убагы келсе кошо жургон досун да элин да жерин да курмандыкка чалып жиберишет. Алдыда шайлоо, дагы мындай концерттер далай болот.
30.06.2015. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бир сөз менен айтканда КСДП да Ата-Мекен дагы өздөрүнө саясий упай топтоо аракетинде. Мен таза шайлоо боло турган болсо "Өнүгүүнү прогресс" партиясын шайлайм.
22.07.2015. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай созго тоодогу чабан эле ишенет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: