Өмүрбек Текебаев: "Ата Мекен" менен "Улуттар биримдиги" бириккен жок, кызматташууну сүйлөштүк"
"Ата Мекен" партиясы "Улуттар биримдиги" партиясы менен бирикти" деген маалымат чындыкка туура келбейт. Муну SUPER.KG порталына бүгүн, 29-июнда “Ата Мекен” партиясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Автор: Жамалидин Парманкулов
"Партия лидери Өмүрбек Текебаев "Ата Мекен" партиясы "Улуттар биримдиги" партиясы менен бирикпейт, бирок кызматташат. Учурда кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул жерде биригүү эмес, кызматташтык тууралуу сөз болуп жатат" деп билдирди",- деп маалымдады аталган кызмат.
Айта кетсек, бүгүн жогоруда аты аталган эки партия бириккени тууралуу маалымат тараган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

