super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш өкмөттүн "Кумтөр" долбоорунун азыркы абалы боюнча маалыматын угуп жатат

 

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңеште “Кумтөр” долбоорунун ишине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-февралындагы №4841-V токтомунун өкмөт тарабынан аткарылышынын жүрүшү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып жатат. Жыйынга премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Темир Сариев 1994-жылы “Кумтөр” долбоору боюнча келишим түзүлгөндө эле андагы мөңгүлөрдүн абалына карабастан, кенди ишитетүү чечими кабыл алынып калганын, азыр мөңгүлөр башка жакка көчүрүлүп жатканын белгиледи. “Июнь айында "Centerra Gold Inc." компаниясынын Директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланды. Курамда анчалык деле өзгөрүү болгон жок. Кендин экологияга келтирген зыянын азайтуу, кендеги иштерди токтотпоо жолдору иликтенүүдө”,- дейт ал.

Премьер-министр эгер парламент чечим кабал алса, курамы адистерден турган атайын жумушчу комиссия түзүп, жеринде иликтөө иштерин жүргүзө баштай турганын айтты. Андан сырткары “Жер-Үй” алтын кенин иштетүү лицензиясын аукциондон утуп алган компаниядан 100 миллион доллар каражат толугу менен келип түшкөнүн, азыр ал каражатты жумшоо жаатында алгылыктуу багыттар аныкталууда. “Каражат негизинен социалдык багыттарга жумшалмакчы”,- деп кошумчалады Сариев.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: