super.kg logo

Ош. Озгур айылында 100 орунга ылайыкташкан балдар бакчасынын курулушу жүрүүдө

 
Озгур айылынын тургундары жыл башында Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев менен болгон жолугушууда айыл балдар бакчасына муктаж экендиги айтылган. Учурда Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Озгур айылында 2 кабаттуу 100 орунга ылайыкташкан заманбап балдар бакчасы курулуп жатат. Бул тууралуу 29-июнда шаардык мэриядан билдиришти.

"Келечек ээлери болгон балдарга шарт түзүү - шаар бийлигинин милдети. Тилекке каршы, мына ушул курулуш иштери жүрүп жаткан бакчанын аянты да жеке менчикке пайдаланууга берилип кеткен экен. Соттук процедуралардан улам кайра кайтарып алдык. Буюрса, ушул бакчадан таалим-тарбия алган балдардан келечекте мамлекетти башкарган балдар чыксын. Биз жасаган иштердин үзүрүн шаардыктар көрүүгө тийиш. Жакында шаардагы унаа тыгындарын азайтуу максатында айланма жол куруу иштери башталып, жол дал ушул айылдан өтөт. Сиздер койгон талаптар четинен аткарыла баштады. Бардык маселелерди ынтымакта, түшүнүү жолу менен бирдиктүү чечсек болот”,- деди мэр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
30.06.2015. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ото жакшы жышаан буюрса биздин балдар шаарга барып кыйналышпайт эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: