super.kg logo

Кара-Балтада "Суу-каналдын" эки жумушчусун топурак басып калды

 

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында "Суу-каналдын" эки жумушчусун топурак басып калды. Бул тууралуу 30-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2015-жылдын 29-июнунда саат 10:55те Кара-Балта шаарындагы Целинная көчөсүндө шаардык “Суу-канал” ишканасы тарабынан казылган 2,5 метр тереңдиктеги траншеяда иштеп жатышкан 2 жумушчуну топурак басып калган.

Кырсыктын кесепетинен 1955-жылы туулган Ю.Конякин жабыркап, 1952-жылы туулган А.Рябов каза болгон.

Куткаруучулар Ю.Конякинди чыгарышып, "Тез жардам" кызматына салып Жайыл райондук ооруканасына жиберишкен. Ал эми каза тапкан А.Рябовдун жансыз денесин ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.06.2015. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажалы жетсе, ар нерсени себеп кылып ала берет экенда(((
30.06.2015. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай боорум ачыды..Картайса да кара жумушта иштеп жургон экен да,байкуш.Жаткан жери жайлуу болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: