super.kg logo

Сүлүктүдө жер көчкү жүрдү, жаракат алгандар жок

 

29-июнда саат 09:00 чамасында Сүлүктү шаарынын Мамбетов көчөсүндөгү "Улмас ата" мүрзөсүнүн аймагында жер көчкү жүргөн. Узундугу 400 метрге чейин, туурасы 30 метрге чейин, бийиктиги 1,5 метрге чейин жеткен жер көчкүнүн жалпы көлөмү 1800 метр куб болгон. Бул тууралуу 30-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жер көчкү мүрзөнүн 60 метр зым торун бузуп кеткен. Жер көчкүдөн адам өмүрүнө, мазарга, турак үйлөргө жана жолдорго зыян келтирилген эмес. Жаратылыш кырсыгы 26-27-июнь күндөрү катуу жааган жамгырдан улам келип чыккан. Азыркы учурда көчкү жүргөн аймак күнү-түнү көзөмөлгө алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: