super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө өзгөчө кырдаалдардын жана табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча Кыргыз-казак борбору түзүлөт

 

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңеште өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын болуу коркунучун төмөндөтүү боюнча борборду түзүү тууралуу мыйзам долбоору каралды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, аталган борборду түзүү боюнча макулдашууну Кыргыз Республикасынын жана Казакстандын өкмөттөрү 2013-жылдын 17-майында Алматы шаарында бекитишкен. 

"Бул мамлекеттер аралык макулдашуунун негизги максаты аймактык жана эл аралык кызматташтыкты жөнгө салуу, тараптар тарабынан макулдашылган иш-чараларды биргелешип жөнгө салуу, кырсыктардын кесепеттерин төмөндөтүү жана өзгөчө кырдаалдардын болуу коркунучун азайтуу механизмдерин натыйжалуу камсыздоо үчүн борборду түзүү болуп саналат",- деди министр.

Талкууда депутаттар бул мыйзам долбоорун колдошорун билдиришти. Жыйынтыгында документ 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: