Коомдук активист: “Эгер көк бөрү ЮНЕСКОнун Маданий мурастар тизмесине кирсе, биз улакты карачкы менен алмаштырганга даярбыз”




Чучела
"Эгер көк бөрү ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирсе, биз улакты карачкы (чучело) менен алмаштырганга даярбыз". Мындай пикирин бүгүн, 30-июнда журналисттерге коомдук активист Турат Эсеналиев билдирди. Анын айтымында, ЮНЕСКО жаныбарлардын өлтүрүлүшүнө каршы.
“Биздин ата-бабаларыбыз илгери, аты айтып тургандай, көк бөрү оюнун бөрү өлтүрүп ойношкон, андан кийин улак менен ойношкон. Эми азыр эл аралык шарттарга ылайык, ЮНЕСКОнун Маданий мурастар тизмесине кирүү үчүн улакты карачкыга алмаштырууга даярбыз.
Бул оюн башка улуттарда да ойнолгондугуна байланыштуу башка өлкөлөр менен бирге аталган тизмеге каттатуу каралууда. Бирок бул оюн кыргыз элинен тараган, аны унутпашыбыз керек”,- дейт коомдук активист.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
2

2. Дан-эгин, мөмө-жемишке, мал-жанга келүүчү "душманды" коркутуу үчүн атайын жасалган коркунучтуу нерсе.