super.kg logo

Таластын тургуну: “Милиция кызматкерлери мага жалаа жаап, 3 саат сабашкан, учурда окуя боюнча кылмыш иши козголо элек”

 

“Милиция кызматкерлери мага жалаа жаап, 3 саат сабашкан, учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголо элек”. Муну бүгүн, 30-июнда маалымат жыйынында жабыркаган Автандил Тынышев билдирди. 

Анын айтымында, былтыр 23-май күнү аны "11 кой уурдадың" деп милиция кызматкерлери алып кетишкен.

Талас райондук милиция кызматкерлери үйүмө кирип келишип, "кагазга кол кой" дешти. Аны окусам, “11 кой уурдадым, анын бешөөсүн ээсине берип, алтоосун агамдын тоюна жумшадым” деп жазылган экен. Бул кагазга кол койбой турганымды айтсам, өздөрүнүн бөлүмүнө алып кирип 3 саат кезек-кезеги менен сабашты. Андан кийин койлордун ээси малын башка бирөөнүн үйүнөн тапканы белгилүү болду. Ошондон кийин арыз жазарымды, сотко кайрыларымды айтсам, коркутуп, “мындай жайынча эле бүтүрөлү, сага 10 күн беребиз, арызыңды кайтар” деп жүрүштү. 

Катуу сабалгандан кийин Талас облустук ооруканасына кайрылдым, рентгенге түштүм, анда 4 кабыргам сынганы көрүнгөн. Кийин ал жоголуп кетип, "жеңил жаракат алды" деген диагноз коюлду. Көрсө, аталган оорукананын дарыгери Жолдош Үркүнбаев мени сабаган милиция кызматкерлери менен сүйлөшүп алыптыр. Анан кайра медициналык экспертизадан өтүп, оор жаракат алганым аныкталды. Мындан кийин мага карата коркутуп-үркүтүүлөр мындан да күчөп, быйыл 5-июнда үйүмө баратканда жаныма унаа токтоп, анын ичинен мени сабаган милиция кызматкерлери түшүп, темир таяк менен желкеме уруп, эки тиземе бир нече жолу урушкан. Эс-учумду жоготуп, эптеп ооруканага жеткирилгенде кайрадан баягы Үркүнбаевдин колуна түшүптүрмүн. Ал болсо мага өзүм операция жасайм деп коюп, кымыз ичкени 12 күнгө тоого кетип калыптыр. Күндө кыйналып ыйлап жаттым, башка дарыгерлерге "мени карап койгулачы" десем, "башкы дарыгер тийбегиле деген" деп коюшту. 

Учурда абалым жакшыраак болуп калды. “Кылым шамы” коомдук фондуна кайрылып, укуктарым корголот деген үмүттөмүн. Бул кыйноо фактысы боюнча кылмыш иши дагы деле козголо элек”,- деди Талас районунун тургуну. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
30.06.2015. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
тушуном байке, бир кун болбосо бир куну аларды Кудай жазалайт. анекдот бар:
АКШнын ФБРи Россиянын ФСБсы жана биздин милиционерлер кимибиз жакшы издейт экенбиз деп, токойго бир коенго ээн салып киргизип жиберишет экен. анан АКШнын ФБРлери кирип кетип таппай чыгышат экен, анан орустар кирип да таппай чыгышат экен. анан биздин милиционерлер кирип бир аюуну кармап чыгышат экен. "кана коен?" деп сураса, кыргыз милиционерлери аюнун бойрогуно урса, аюу болсо - "мен коен" деп кыйкырып жиберет экен
30.06.2015. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Копкондо да ушул Талас райондук милийсалар копту да аябай ХХХ адамдар иштейт, кунун тушпосун, кудай сактасын, ! жанынды алып тынышат да булар, ХХХ ХХХ ХХХ...!!!
Модератор admin_portal түзөттү 2015-06-30 14:31:45
30.06.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ariet7 - эскертүү!
Этика нормаларына туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
30.06.2015. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Травматология болуму таластын ужас,менин бир байкем жаткан,акча бербесен окурмоктон олсон да карашбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: