super.kg logo

Лицензиясы жок кытайлык компания менен келишим түзгөн "Кыргызтелекомдун" директоруна кылмыш иши козголду

 
“Ош-Эркеч-Там” оптикалык-була байланыш чубалгыларына байланыштуу долбоор үчүн “Хуавей” кытай компаниясы менен формалдуу келишимдерди түзүүдөгү алдамчылык фактысы боюнча “Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчисине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 30-июнда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Кыргызтелеком” ААКнын башкы директору М.М. “Хуавей” компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, аталган долбоордун алкагында курулуш иштерин жүргүзүүгө формалдуу келишимдерди түзгөн. Бирок “Хуавей” компаниясынын чубалгыларды жана байланыш курулмаларды курууга лицензиясы жок экени белгилүү болгон.

Соттук-эксперттик уюмдун корутундусуна ылайык, долбоордун курулушу боюнча келишимдин суммасы иш жүзүндөгү сарптоодон ашырып жиберилген жана алар “Кыргызтелекомдон” мыйзамсыз чыгарылып кеткен. Натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө залал келтирилген. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: