Эльвира Сариева Түштүк Кореядагы Универсиадага катыша турган студенттерге: "Мекенибизге медаль тагынып, таймаштан рахат алып келиңиздер"










Билим
берүү жана илим министри Эльвира Сариева 29-июнда Түштүк Кореянын
Кванжу шаарына Кыргыз Республикасынын намысын коргоо үчүн кетип жаткан студенттер менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
"Мен баарыңыздарга ийгилик каалайм. Мекенибизге медаль тагынып, ошол эле учурда таймаштан рахат алып келиңиздер. Биз жана бүткүл өлкө сиздерге ишенет",- деди министр.
КРдагы жогорку окуу жайларынан 22 студент Эл аралык университеттик спорт федерациясы тарабынан өткөрүлгөн Универсиадага катышат. Бул жолу желекти көтөрүү жана команданы жетектөө милдети Азия чемпиондугунун күмүш байге ээси, дзюдочу Азамат Бектурсуновго ыйгарылды. Министр Эльвира Сариева спортчуларга мамлекеттик желекти салтанаттуу тапшырды.
Жогорку окуу жайлардын студенттери спорттун төрт түрү боюнча: дзюдо, таэквондо, жеңил атлетика жана стол тенниси боюнча таймашышат.
Жайкы Универсиада Түштүк Кореянын Кванжу шаарында 2015-жылдын 3-июлунан тартып 14-июлуна чейин болуп өтөт. Таймаш спорттун 21 түрү боюнча өткөрүлөт.




1 |