super.kg logo

“Элдик лотереянын” жетекчиси камакка алынып, компаниянын иши токтотулду

 

Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубековго издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда ИИМден билдиришти.

Белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Юруслан Тойчубековду камакка алуу боюнча сырттан өкүм чыгарган. Ал "коррупция" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен айыпталууда.

Юруслан Тойчубеков Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматын жетектеп турганда “Райдер Ассошиэйте Лимитед” (Кыргыз Республикасында “Элдик лотерея”) компаниясынын директору, Түркиянын жараны Хасан Чифтчи ушул эле өлкөнүн жараны Танжу Кылычка компаниянын Кыргыз Республикасындагы филиалын ачууга макулдугун берген.

2013-жылдын 18-январында аталган компаниянын Кыргыз Республикасындагы филиалы өлкөнүн Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, лицензияга ээ болгон. Ушул мөөнөттөн баштап Танжу Кылыч жана Мээрим Сыркынты аттуу Кыргыз Республикасынын жараны экөө Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан “Лотерея оюндарын өткөрүү боюнча күбөлүк” алууга керектүү документтерди даярдай башташкан. Белгилүү болгондой, аталган лицензияны кызматтын мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков мыйзамсыз берген. Ошондой эле Юруслан Тойчубеков өз буйругу менен компанияны пайдадан түшүүчү 10 пайыздык төлөмдөн бошотуп койгон. Ушул пайдадан түшчү салыктын өзү эле 31 миллион сомдон ашкан.

Учурда “Райдер Ассошиэйте Лимитед” компаниясынын Кыргыз Республикасындагы филиалынын жетекчиси Танжу Кылыч жана анын башкы эсепчиси Мээрим Сыркынты кармалып, экөө тең 2 айга СИЗОго киргизилген. Ал эми лицензияны мыйзамсыз берген Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси дайынсыз болуп жаткандыктан, ага издөө жарыяланып, айып сырттан угузулган.

ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Утемисовдун билдиргенине караганда, “Элдик лотерея” өз ишин токтотту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(17)
30.06.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек
30.06.2015. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрмек нурбаев жакшы оюн элдик лотерея деп жатты эле го
30.06.2015. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эшек сойгон компания боюнча да Ю.Тойчубековдун кулагы коруно калып тынчып калды эле...эми табылып жооп берээр бекен же дагы чулп этип чумкуп кетээр бекен...?
30.06.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Элдик лотереянын эпкини кучтуу эле го? Кыргызстанда болсом мен да ойномокмун деп кыялдануучу элем.
30.06.2015. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен коп ойноп ута албай жаттым эле чын жакшы оюн болчу бирок билеттердин саны коп утуштар аз болчу
30.06.2015. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кылыптыр
30.06.2015. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эми бул элдик лотереяда биратта депутатка жакпай калгандырда.
30.06.2015. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы болуптур. Лохотрон болчу.
30.06.2015. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каап алып ойносомбу деп атпадым беле...
30.06.2015. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ойногула,уткула! ))))))
30.06.2015. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ю.Тойчубековту дурус киши го дечу элем,корсо бул деле коп бок курсактын бири экен да.Акча болгон сайын адамды сыйкырлап ээрчитеби дейм. Болбосо бийликте журду, депутат болуп журду олбогондой эле акчасы болсо керек.Онгодон эшек бизнесте аты чыкканда ушунчалык конулум айныды ушу кишиден.
30.06.2015. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Миллонду утпай калдык бы эми!
30.06.2015. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билеттерди емне кылабыз акчабызды кайтарып береби еми
01.07.2015. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми жапкандан кийин биротоло жаап салышсын канча кишинин акчасын алдап жеп атышат.Же бир уткан киши корбойсун
01.07.2015. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин класташым утту бир миллион супер инфо билип бергилечи билеттердин акчасын кайтарып берет бекен рахмат
01.07.2015. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elika86, саламатсызбы!
Аракет кылабыз.
01.07.2015. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алган билеттерибиз не болот ошондо?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: