Жалал-Абадда “Хизбут-Тахрир” диний уюмунун мүчөсү кармалды
Жалал-Абадда “Хизбут-Тахрир” диний уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу 30-июнда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 29-июнда милиция кызматкерлери “Экстремист” операциясын жүргүзүшкөн. "Хизбут-Тахрир" диний уюмунун мүчөсү" деген шек менен Аксы районунун тургуну, 1980-жылы туулган Гүлзада Жабайкулованын үйү тинтүүгө алынган. Натыйжада диний-экстремисттик уюмга тиешелүү болгон 8 даана китеп, 9 даана баракча жана 1 даана журнал табылган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, Аксы РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан теологиялык экспертиза дайындалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
bemaKG90

01.07.2015. 11:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Al emne degen din tushunduro algandar barby maga
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.