Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотторунун төрагалары шайланды
Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотторунун жаңы шайланган судьялары соттордун төрагаларын шайлашты. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Чүй облусунун райондор аралык сотунун төрагасы болуп Ашырбек Курманов, Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун төрагасы болуп Гүлжан Есеналиева шайланды.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын 12-майында жана 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотторунун жаңы курамынын ант берүү расмий аземи болгон. Салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Ф.Жамашеванын жана Жогорку Соттун судьяларынын катышуусунда өткөн.
Толук курамы бекилген райондор аралык соттордун төрагалары:
- Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун төрагасы болуп Бакытбек Мажитов шайланды;
- Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотунун төрагасы болуп Таалайбек Даркимбаев шайланды;
- Талас облусунун райондор аралык сотунун төрагасы болуп Темирбек Ибраимов шайланды;
- Баткен облусунун райондор аралык сотунун төрагасы болуп Таирбек Туленбаев шайланды.
Жаңы шайланган райондор аралык сотторунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.

