super.kg logo

Билим берүү жана илим министрлиги жаңы базистик окутуу планын иштеп чыкты

 

Бүгүн, 30-июнда билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева базистик окутуу планы боюнча кеңешме жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеде иш комиссиясы Кыргыз Республикасындагы орто билим берүү мекемелерине арналган жаңы базистик планды көрсөтүштү. Жаңы планда мурдагы мамлекеттик жана мектептик компонентти калтыруу менен «предметти тандап алуу» компонентин киргизүү каралган. Мындай окутуу планына ылайык, ар кайсы предметтерди тереңдетип окуткан лицейлер, гимназиялар, мектептер окуучулардын тандоосуна жараша сабактарды киргизе алышат.

Мурдагы Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан иштелип чыккан базистик окутуу планы мамлекеттик стандарттарга туура келбегендиктен, мугалимдердин сааттарын кыскартып, натыйжада мектеп мугалимдеринин нааразычылыгын жараткан. Мындан улам министр Эльвира Сариева иш комиссиясына жаңы окутуу планын түзүп чыгуу тапшырмасын берген.

Жаңы базистик окутуу планы министрлик түзгөн иш комиссиясы тарабынан иштелип чыккан. Акыркы толуктоолорду киргизгенден кийин мугалимдердин талкуусуна коюлат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: