super.kg logo

Бишкекте уурулукка шектелип 27 жаштагы жаран кармалды

 

Бишкекте бир нече уурулук фактысына шектелип буга чейин соттолгон 27 жаштагы Сардар Сатыбалдиев кармалды. Бул тууралуу 30-июнда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, азыркы учурда С.Сатыбалдиев катышкан эки уурулуктун бети ачылган. Ушул жылдын 18-мартында Салиева көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен Х.К. аттуу жаранга тиешелүү унаадан 19 480 сомдук буюмду тоноп кеткен. Ал эми 1-майда Каарман көчөсүндө жашаган Л.Г. аттуу жарандын үйүнөн 863 миң сомдук зер буюмдарды уурдап кеткени аныкталган.

Азыркы тапта С.Сатыбалдиевдин башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экени текшерилүүдө. Милиция кызматкерлери аталган жарандан жабыр тарткандар (0 707) 68-82-82 телефон номери аркылуу байланышса болорун эскертишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: