super.kg logo

Ош шаарында уй жана койдун этинин баасы дагы арзандаганы айтылды

 

Ош шаарында уй жана койдун этинин баасы 10 сомго арзандады. Муну бүгүн, 30-июнь күнү мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, Ош шаардык мэриясында кой, уй эттеринин баасын арзандатуу тууралуу талкуу уюштурулду. Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Аскаров, шаардагы борбордук базарда, аймактык кеңештерде эт саткан ишкерлер жана Монополияга каршы күрөшүү кызматынан өкүлдөр катышты. Тараптардын талаш-тартышынан улам этке болгон бааны аныктоо үчүн атайын комиссия түзүү сунушу айтылды. Биринчи вице-мэр Аскаров билдиргендей, базарда малдын баасы бир топ арзандаганы менен, эттин баасы түшпөй келет. Жыйында Ош шаарындагы эт сатуучулар мал базарда семиз жандык азайып кеткендиктен, эттин баасын арзандатуу кыйын экенин билдиришти. Буга байланыштуу Монополияга каршы күрөшүү кызматы менен эт сатуучулар аймактык кеңештердин өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүп, малдын баасын текшермекчи. Жыйынтыгында комиссиянын чечими менен мал этинин баасы бекитилет.

Мындан тышкары Ош шаарынын мэриясы тарабынан комиссия чечим чыгарганга чейин Орозо айынын ичинде этке болгон бааны 10 сомго арзандатуу сунушталып, сатуучулар тарабынан колдоо тапты.

Эске сала кетсек, бул кезге чейин да Ош шаарынын мэриясы тарабынан мал этине болгон бааны арзандатуу сунушу айтылып, уйдун эти 380 сомдон 340 сомго чейин, койдун этин 370 сомдон 345-335 сомго чейин арзандаган эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: