super.kg logo

“Ата Мекен” партиясы мөңгүлөрдү сактап калууда саясий туруктуулугун көрсөттү

 

Темир Сариев жетектеген өкмөттүн канадалык “Центерра” компаниясынын кызыкчылыгы үчүн Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунушташы чоң талкууну жаратты. Каникулга кетүүгө даярданган парламенттин “тил алчаак” айрым депутаттарын кысымга алып, аталган мыйзам долбоорун экинчи окуудан өткөрүүгө жетишкен өкмөттүн аракети келечек үчүн коркунуч туудурмак. “Ата Мекен” партиясы жана анын лидери Өмүрбек Текебаев бул аракеттерге катуу каршы турду.   

“Биздин өкмөттү 20 жылдан бери Канаданын алтын казган компаниясы башкарып алган. Алар бүгүнкү Темир Сариев жетектеген өкмөттү да өздөрү каалагандай калчап жатканын өкмөт сунуштап жаткан Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорунан эле билсек болот. Бүгүнкү өкмөт мүчөлөрү 3 айлык кызмат орундарын сактап калыш үчүн кыргыз элине кыянаттык кылып, элдин, өлкөнүн эле эмес, адамзаттын байлыгы болгон мөңгүлөрдү сактоого каршы мыйзамдык жолду чаап жатышат”,- деген Өмүрбек Текебаев кыргыз өкмөтүнүн мындай аракетин кескин айыптады.

Мындан тышкары партия лидери айрым кесиптештерин элге кыянатчылык жасабоого чакырды.

Эл өкүлү Чыныбай Турсунбеков: Биз өкмөткө Лысый жана Давыдов мөңгүлөрү кабылган кырдаалга кыргыз өлкөсүнүн башка мөңгүлөрү эч убакта туш болбой тургандай чечим кабыл алуу зарылдыгын айттык. Мындан ары эч ким өзүнүн күнүмдүк кызыкчылыгы үчүн мөңгүлөрдү садага чаба албай тургандай болушу керек. КСДПнын пикири боюнча, азыркы мыйзам долбоору буга кепил боло албайт деген чечимге келдик. Ошондуктан КСДПнын атынан бул мыйзам долбоору үчүн биз добуш бере албасыбызды расмий билдирем”,- деди.

Буга чейин "Мөңгүнү ордунан жылдырууга уруксат берилбесе, 6-июлдан тарта "Кумтөр" өз ишин токтотот. Ал эми мөңгү ордунан жылганын токтотпойт жана карьерди басып калат. Ошондо экологиялык катастрофа башталат" деп эл өкүлдөрүн ынандырууга умтулган өкмөт өкүлдөрү бул окуядан кандай жыйынтык чыгарары белгисиз.  


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.07.2015. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Алга Ата мекен партиясы ушунунардан жазбагыла.25 жылдан бери саясатта журуп Омурбек Чиркешович бир принципти туу тутуп келет башкалардай болуп акчага креслого алданбай.Кыргызга таанымал канча саясатчы бирде бул партияда бирде тиги партияда кылтыйып бирде бийлик сунган токочко алданып кайра озулору элге карабет болуп калышты. Бул партиянын мен дегендер да беделин тушуро алышкан жок.Азаматсыз Омурбек Чиркешович бири кем дуйно сиз президент болсонуз онолуп кетет белек.
01.07.2015. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
25 жылдан бери элге эмне кылды?конституция жазып анан киноглорго тушкону эле эсте бар
22.07.2015. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саясыйда тил менен гана иштеп креслодон кантип тушуп калбай калганын накта мисалы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: