Азербайжан президенти И.Алиев аялы М.Алиеваны атасы Г.Алиев атындагы орден менен сыйлады



Азербайжан мамлекетинин президенти Ильхам Алиев жубайы Мехирбан Алиеваны атасы Гейдар Алиев атындагы (мамлекеттик жогорку даражадагы) орден менен сыйлады. Бул тууралуу жарлык 29-июнда чыгарылганы өлкө башчынын расмий сайтына жайгаштырылды. Мехирбан Алиевага бул сыйлык I Европа оюндарын уюштурууга жана азербайжан элинин улуттук маданиятын эл аралык деңгээлде жайылтууга кошкон зор салымы үчүн берилди.
Ал 12-июндан 28-июнга чейин Азербайжанда өткөн “Баку-2015” I Европа оюндарын уюштуруу комитетинде төрайымдык кылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

