super.kg logo

Бишкекте 2015-жылдын бүтүрүүчүлөрү үчүн майрамдык концерт уюштурулду

 
"Бүтүрүүчү 2015" аттуу майрамдык концертте "Willbe" бий тобунун жигиттери өнөрлөрүн көрсөтүүдө.
Майрамдык маанайды ар бир көрүүчүдөн байкоого болот.
"Бүтүрүүчү 2015" аталышындагы концертте "Тумар КР" бий тобу таланттарын тартуулашты.
Украинадагы Х-фактор сынагына катышып келген Рита Скочило кыргыз тилинде ырдап жаткан учур.
Бүтүрүүчүлөрдү куттуктап бийчи Атай Өмүрзаков келди.
Ырчы Омар "Кыргызстаным", "Тамчы кыз" аттуу чыгармаларын аткарды.
Ырчы Айыма Айылчиева бүтүрүүчүлөрдү куттуктап ыр белек тартуулады.
"Willbe" бий тобунун жигиттери өнөрлөрүн көрсөтүп жаткан учур.
Жан Воинов бийлеп бүтүп "Келечек биздин колубузда. Баарыңарды куттуктайм" деди.
Концертке билим берүү министри Эльвира Сариева, вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев, президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев жана башкалар катышты.
Темир Сариев президенттин атынан "Азия MIX" КВН командасына 1 миллион сомдук сертификат тапшырды.
"Азия Микс" КВН командасы куйкум тамашалары менен бардык көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрүп турушту.
Кечени Асхат Табалдиев менен Ростислав Ященко алып барышты.
Көрүүчүлөр кол чаап коштоп, айрымдары бийлеп турушту.
Айрым тамашалар көрүүчүлөрдүн катышуусунда өттү.
Мектеп директорунун мугалимдер менен сүйлөшүп жатканын чагылдырган тамаша.

Борбор калаада бүгүн, 30-июнда КРнын Өкмөтүнүн демилгеси менен бүтүрүүчүлөр үчүн майрамдык концерт уюштурулду. Ага жалпы республикалык тестирлөөдөн мыкты жыйынтык көрсөтүп алтын сертификат алган окуучулар, Бишкектеги мектептердин, ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү жана баш калаанын тургундары катышты. Ал эми расмий өкүлдөрдөн өкмөт башчы Темир Сариев, билим берүү министри Эльвира Сариева, вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев жана башкалар катышты. 

Концертте чет мамлекеттерде өнөрлөрүн көрсөтүп Кыргыз Республикасынын атын чыгарган таланттар: бийчи Жан Воинов, "Wi`ll Be", “Тумар КР” бий топтору, ырчылар Айыма Айылчиева, Рита Скочило, Омар чыгармачылыгын тартуулашты. Майрамдык кеченин соңунда “Азия Микс” КВН командасы көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашса, иш-чараны Асхат Табалдиев менен Ростислав Ященко алып барышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: