Ташполот Балтабаев: "Кошумча киреше салыгы алынганда, дарылардан 1 миллиард сом киреше түшмөк"
"Кыргыз мамлекетинде бекер
дары-дармектер менен камсыз кылуу багытындагы укуктук-ченемдик документтерде жазылган талаптар аткарылбай жатат. Дарылар менен камсыздоонун кепилденген программасындагы шарттар 40 пайызга гана орундалат. Тийиштүү беренелер боюнча мамлекеттик казынадан 600-700
миллион сомдой акча бөлүнүүдө, бул, албетте, аз",- деп билдирди депутат Ташполот Балтабаев 30-июнда "Парламент" радиосунун түз эфиринде.
Автор: Автандил Добулбеков
Өлкөгө жылына 10-12 миллиард сомдук дары каражаттары ташылып келип жатканын билдирген депутат ошол дарылар 12 пайыздык кошумча киреше салыгынан бошотулганын кошумчалады. "Мен жогорудагы салыктын түрүн колдонууну сунуштап жатам. Эгер ал негиздер ишке ашып кала турган болсо, мамлекеттин казынасына кеминде 1 миллиард 200 миллион сом киреше түшмөк",- дейт Балтабаев.
Депутат дарылардын рецепттери жок берилип жатканы өтө кооптуу экендигин айтып, жайма базардагы сатылып жаткан дары-дармектерге басым жасады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

