super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы "Ага-хан" өнүктүрүү фондунун өкүлүн кабыл алды

 

Өкмөт башчы Темир Сариев "Ага-хан" өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим-Лакхини кабыл алды. Жолугушууда тараптар аталган фонд менен Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын келечегин талкуулашканын өкмөттөн 1-июлда билдиришти. 

Темир Сариев кыргыз өкмөтү "Ага-хан" өнүктүрүү фондунун кыргыз жериндеги аткарган ишмердүүлүгүн жогору баалай турганын жана мындан ары да көп тараптуу кызматташтыктын бекемделишине маани берерин билдирди.

Шамш Кассим-Лакхи фонд ишке ашырып жаткан Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинин курулушу аяктоо алдында, 2016-жылдан тарта студенттерди кабыл аларын маалымдады. Муну менен катар билим берүү багытында бир катар долбоорлорду ишке ашыруу планы бар экенин кошумчалады.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: