super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз жеринде газ 76 тыйынга кымбаттады, июлда абоненттер 14 сом 35 тыйындан төлөшөт

 
Кыргыз жеринде жаратылыш газы 76 тыйынга кымбаттады. Өлкөдөгү абоненттер июль айында газдын метр кубуна 14 сом 35 тыйындан төлөшөт (мурунку айда 13 сом 59 тыйын болчу). Газдын кымбатташын "Газпром Кыргызстан" ишканасы доллардын курсунун жогорулашы менен байланыштырууда (1-июлга карата доллардын курсун 62 сом 14 тыйын деп алуу менен). Өндүрүш ишканалары, бюджеттик уюмдар жана коммерциялык мекемелер үчүн жаратылыш газынын баасы бул айга 17 сом 57 тыйын деп бекитилди. Өткөн айда жаратылыш газы 28 тыйынга арзандаган же 13 сом 87 тыйындан 13 сом 59 тыйынга түшкөн эле. 
Белгилей кетсек, өкмөт газдын тарифи мындан да көтөрүлүшү мүмкүн экенин билдирүүдө. 26-июнда "Газпром Кыргызстан" ишканасынын башчысы Болот Абилдаев премьер-министр Темир Сариев менен жолугушуп, компания өкмөткө жаратылыш газынын тарифтерин акырындан көтөрүү өтүнүчү менен кайрыларын билдирген. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: