super.kg logo

Токтогул районунда жол кырсыгынан каза болгон жана жаракат алгандардын айрымдарынын аты-жөнү такталды

 
Бишкек-Ош унаа жолунда үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кырсык Токтогул районундагы Торкен айыл аймагында 1-июлга караган түнү саат 00:20 чамасында катталганын билдирди. Анын кесепетинен 2 адам каза болуп, 5 адам жабыркаган. 

1. Мерседес-Бенц Гигант (мамлекеттик номери О12-07АТ) жүк ташуучу автоунаасынын айдоочусу жана жанындагы жүргүнчүсү (эркек адам) кырсык болгон жерден каза болгон, экөөнүн аты-жөнү такталууда. Ал эми жанындагы болжол менен 2010-жылы туулган Бектурсун жана Бекболсун, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кыргызстан көчөсүнүн тургуну, 2000-жылы туулган Улара Барпиева, 4-жүргүнчүсү Токтогул райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жеткирилген (аты-жөнү такталууда).

2. Мерседес-Спринтер (мамлекеттик номери В76-42АG) айдоочусу, Шамалды-Сай айылынын тургуну, 1993-жылы туулган С.Курбанов Токтогул райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

3. Хонда-Степ (мамлекеттик номери О52-94G) унаасынын айдоочусунун аты-жөнү такталууда. Жаракат алган эмес. Ал кырсык болгон жерден кетип калган. 

Куткаруучулар жаракат алгандарды жана каза болгон адамдарды автоунаадан чыгарышып, "Тез жардамга" салып беришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.07.2015. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ehhhh saittarga kirgim kelbei kaldy uje, kaida kirsen kyrsyk,olum. :((
01.07.2015. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушунун баарысы тартип эреженин жоктугу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: