super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков V чакырылыштагы кыргыз парламентинин негизги жетишкендигин атады

 
Төрага Асылбек Жээнбеков: "V чакырылыштагы кыргыз парламентинин негизги жетишкендиги - өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга, тынчтыкты бекемдөөгө кошкон салымы",- деп айтты. Мындай пикирин 1-июлда Жогорку Кеңештин 5 жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. 
Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттары бир дагы фракция көпчүлүк мандатка ээ болбогон, жогорку чыңалуудагы атаандаштыктын шартында иштешти. "Ошентсе да ар кыл саясий багытты көздөгөндүгүнө карабастан, беш фракция тең мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бирдиктүү ишмердүүлүктү жүргүзө алды. Анын натыйжасында өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган тарыхый чечимдер дээрлик депутаттардын колдоосуна ээ болуп, көпчүлүк мыйзам долбоорлорунун басымдуу бөлүгү 5 фракциянын тең өкүлдөрүнүн катышуусунда иштелип чыкты. Парламент өз ишмердүүлүгүндө президент институту жана өкмөт менен кызматташуунун пайдалуу формасын таба алды",- деди төрага.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: