5 жыл ичинде Жогорку Кеңеш 374 жыйын өткөрүп, анда 1140 мыйзам кабыл алды
2010-жылдан берки 5 жыл аралыгында Жогорку Кеңештин 374 жыйыны өтүп, анда 1377 мыйзам долбоору каралды. Кабыл алынганы - 1140, анын ичинде 1018 мыйзамга президент тарабынан кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында парламенттин төрагасы Асылбек Жээнбеков билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Төраганын билдиришинче, бул мыйзамдар өлкөнүн мыйзам базасын 2010-жылы кабыл алынган Конституцияга шайкеш келтирүүгө, мамлекеттик реформаларды турмушка ашырууга, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө, экономиканы өнүктүрүүгө багытталган, деги эле өлкөнүн өнүгүшүнө, жарандардын күндөлүк турмушуна зарыл мыйзамдар. "2010-2015-жылдар аралыгында Жогорку Кеңеш 1301 токтом кабыл алып, анын ичинен 1178и аткарылды. Аткарууда турганы - 123. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышы 45 убактылуу депутаттык комиссия түзгөн",- деп маалымдады төрага.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















