Ошто ийне жутуп алган 11 жаштагы кызга операция жасалды






Ошто өпкөсүнөн операция
жолу менен ийне алдырган 11 жаштагы кыздын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн,
1-июлда Оштогу Облустар аралык балдар клиникасынан билдиришти.
Маалым болгондой, Жалал-Абад
облусунун Сузак районунун 11 жаштагы З.Орунбаева аттуу тургуну 28-июнь күнү жоолук
салынып жатып оозуна тиштелген ийнени жутуп алган. Ал кийин
өпкөсүнө барып сайылган. Жаш кыз Жалал-Абад облустук ооруканасына жеткирилип,
ал жерден көкүрөгү рентгенографияга тартылып, ийне өпкөсүнө барып такалганы көрүнгөн.
30-июнь күнү Орунбаева Ош облустук балдар клиникасына жеткирилип, тезинен операция жасалган. “Мындай операция Ош облустук балдар клиникасында биринчи жолу жасалды. Аны оорукананын директору Абдисамин Анарбаев жана хирург Калдар Айбашев жасады.
Учурда кыздын абалы канааттандырарлык, ал азыр тамчылатма дары алып, апасы жанында. Бейтап ооруканада орто эсеп менен дагы 10 күндөй жатат”,- деп билдиришти Ош облустук балдар клиникасынан.









1 |