Прокуратуранын кызматкери 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмү менен биргеликте өлкөдөгү башкы көзөмөл органындагы кызматкердин опузалап пара талап кылганы боюнча фактыны аныктаган.
Маалыматка караганда, прокуратуранын А.У. аттуу тергөөчүсү жатак-абакта мөөнөтүн өтөп жаткан С.Р. аттуу жаранды "түзөтүү абагына котором" деп коркутуп 500 доллар талап кылган. Тергөөчү кечээ, 30-июнда 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Ага карата "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "пара талап кылуу" беренелери менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.