Асылбек Жээнбеков: "Акаевдин мезгилиндеги шайлоолордо орун алгандай мыйзам бузуулар болбош үчүн биометрикалык каттоо киргизилип жатат"
"Экс-президент Аскар Акаевдин мезгилиндеги шайлоолордо орун алгандай мыйзам бузуулар болбош үчүн биометрикалык каттоо киргизилип жатат",- деди Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 1-июлда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында. Ал 2005, 2010-жылдардагы революциялардын негизги себептери мыйзам бузуулар менен өткөрүлгөн шайлоолор экенин кошумчалады.
Автор: Нургазы Аматов
"Ал кезде шайлоолордо добуш бергендердин саны 110 пайыздан ашып кетчү. Мындай болуу мүмкүн эмес да. Демек, мыйзам бузуулар орун алган. Баарыбыз билгендей, 2005, 2010-жылдардагы революциялардын негизги себептери мыйзам бузуулар менен өткөрүлгөн шайлоолор болгон. Ошондуктан жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүү киргизилди. Ушул технология менен шайлоолордо фальсификациялоо (жыйынтыктарды бурмалоо) мүмкүн эмес",- деген ишеничте төрага.
Айта кетсек, Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулова "жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүү Конституцияга каршы келет" деп чыкканы үчүн аталган палата жана парламенттин тармактык комитети аны кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотууну чечишкен. Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш бул чечимди эки жолу добуш берүү менен кабыл алган. Андан соң Сооронкулова журналисттерге берген маегинде "бийлик биометриканы шайлоону фальсификациялаш үчүн киргизип жатат" деген оюн билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

