Бишкекте “Кыргызстан таланты-2015” республикалык кароо-сынагынын гала-концерти өттү




Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда 30-июнда “Кыргызстан таланты-2015” республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнүн гала-концерти өттү. Аталган сынак “Алтын үн” продюсердик борбору тарабынан “Кыргызстан” саясий партиясынын колдоосу менен 6-июндан 25-июнга чейин өлкөнүн 7 дубанында өткөрүлгөн.
Кароо-сынакка ар бир облуста катылып жаткан элдик таланттар: манасчы, ырчы, музыканттар катышып, ырчы, обончу жана композитор Жамиля Муратова башында турган калыстар тобу жеңүүчүлөрдү аныкташкан. Сынактын жеңүүчүлөрү К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынан, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы 2 жылдык студиясынан, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынан жана башка көркөм өнөр окуу жайларынан билим алууга жолдомо алышты. Ошондой эле элеттен тандалган элдик таланттарга белгилүү продюсерлер менен иштешүү мүмкүнчүлүгү да түзүлдү.
Гала-концертте кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө “Кыргызстан” саясий партиясынын тең төрагасы Каныбек Иманалиев, партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү Султан Раев, Байгазы Кенжебаев партиянын атынан атайын сыйлыктарды тапшырышты. Уюштуруучулар белгилешкендей, аталган кароо-сынактын максаты - эл арасында көмүскөдө катылган улуттук маданиятты алып жүрүүчүлөрдү таап, бүткүл кыргыз жерине таанытуу, алардын таланттарын даңазалоо.
Калыстар тобунун жетекчиси Жамиля Муратова мындай саамалык акыркы жылдары токтоп, быйыл 3 ай бою талыкпай эмгектенип жазган долбоор “Кыргызстан” партиясы тарабынан колдоого алынганы элеттик жаштар үчүн чоң мүмкүнчүлүк болгонун айтат.
“Көп жылдар бою мындай сынак өткөрүлүп келип, каражаттын тартыштыгынан акыркы убакта өткөрүлбөй калган эле. Быйыл “Алтын үн” продюсердик борбору менен биргеликте иштеп чыккан долбоор боюнча “Кыргызстан” саясий партиясына кайрылганбыз. Долбоорубуз колдоо тапканына кубанып турабыз”,- дейт Жамиля Муратова.
Кыргыз мамлекетинин алыскы аймактарындагы 300дөн ашуун таланттын ичинен жеңүүчү деп табылган 26 манасчы, улуттук бийдин чеберлери, ырчы, музыканттар жыйынтыктоочу концертте кыргыз эстрада жылдыздары Айгүл Чалова, Дайыр Исмадияров, Данияр Эрматов, Гүлнур Асанова, Жамиля Муратова, Асел Кадырбекова жана "Агама" бий тобу менен бирге бир сахнада келген элге жылуу маанай тартуулашты.
кошулду
Бишкекте “Кыргызстан таланты-2015” республикалык кароо-сынагынын гала-концерти өттү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2023-04-29
10:47
2020-10-23
21:33
2020-10-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
azimhan

01.07.2015. 16:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы болду молодцы ийгилик мага динамикс деген топ жакты красавсчиктер
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.