super.kg logo

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын дагы бир өкүлү пара менен кармалды

 
Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын оперкызматкери пара алып жатканда кармалды. УКМКнын билдиришинче, Коррупцияга каршы кызматынын Баткен облусу боюнча бөлүмү ыкчам иликтөө учурунда өкмөткө караштуу аталган кызматтын Ош, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча оперкызматкерин (Н.А.) кармаган.

Маалыматка таянсак, айыпталуучу С.М. аттуу жарандын эки мекемеде декреттик өргүүнү тариздеген фактысын таап, аны жазык жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп 100 миң сом талап кылган. "2015-жылдын 30-июнунда тергөө-ыкчам иштерин жүргүзүүдө Н.А. 60 миң сом өлчөмдө пара алып жатканда кармалды. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын материалдарынын негизинде бул факт боюнча Баткен облусунун прокуратурасы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесине (опузалап пара талап кылуу) ылайык кылмыш ишин козгоду. Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат",- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, жакында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери А.А. жана Т.Н. опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кармалышканын УКМК жарыялаган. Кененирээк бул жакта. 

 

 

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.07.2015. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул эки мекеменин тиреши копко уланат гоо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: