Айыл чарба министрлиги: “Өлкө аймагында сугат иштери 89 пайызга аткарылды”

Өлкө аймагында сугат иштери 89 пайызга аткарылды. Мындай маалыматты бүгүн, 1-июлда КРнын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, республиканын бардык аймактарында учурда массалык түрдө айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу иштери жүрүүдө. Алар үчүн өлкө аймагындагы суу сактагычтарда суунун көлөмү жетиштүү. Быйылкы жылдын 1-июлуна карата суу берүүнүн көлөмү пландалган 2414 миллион куб метрдин 89 пайызын түзүп, 2157,4 миллион куб метр болду. 1398,7 миң гектар жер же 88 пайызы сугарылды, план боюнча 1588,2 миң гектар сугарылмак. Мунун 157,5 миң гектары жазында сугарылган. 846,2 миң гектары биринчи сугат, 395 миң гектары экинчи сугат болуп эсептелет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.