super.kg logo
  Саясат  

Феликс Кулов Кыргыз улуттук университетинин окутуучуларына Конституцияны өзгөртүү сунушун түшүндүрүп берди

 

Жогорку Кеңештин депутаттары Феликс Кулов менен Каныбек Осмоналиев бүгүн, 1-июлда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучулары менен жолугушту. Кулов парламенттеги коалициялык көпчүлүк тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушу, күзүндөгү шайлоону таза өткөрүү тууралуу маалымат бергенин ЖКдан билдиришти. Кулов Баш мыйзамга сунушталган түзөтүүлөр зарылдыктан улам келип чыкканын, толуктоо киргизүүдө өлкөнүн башкаруу формасы өзгөрбөй тургандыгын, сунушталган нормалар мыйзам чегинде экенин чечмелеп берди.

Каныбек Осмоналиев быйыл сентябрда мугалимдердин маянасы 50 пайызга көтөрүлөрүн белгилеп, ага бюджеттен 2 миллиард 200 миллион сом каралганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: