Темир Сариев Европа союзунун Борбор Азия боюнча өкүлү Петер Бурианды кабыл алды

Бүгүн, 1-июлда премьер-министр Темир Сариев Европа союзунун Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Бурианды кабыл алды
Жолугушууда тараптар Европа союзу менен Кыргыз Республикасынын ортосунда көп тармактуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулады. Сариев Кыргыз Республикасы Европа союзу менен мындан аркы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин, Европа биримдигинин кыргыз өлкөсүнө көрсөткөн гранттык жана техникалык жардамдарын жогору баалай турганын билдирди.
Петер Буриан Европа биримдиги кыргыз өлкөсү менен кызматташтыкты кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

