super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Бажы кызматтарынын башчылары жолугушууда

 

Бүгүн, 2-июлда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Түрк тилдүү мамлекеттердин  кызматташтык кеңешинин Бажы кызматтарынын жетекчилеринин IV жолугушуусу өтүп жатат.

Иш-чарада Бажы кызматы тармактарындагы көйгөйлүү маселелер талкууланууда. КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Адамкул Жунусовдун айтымында, өлкөдөгү бажы процедураларын эл аралык стандарттарга жеткирүү - иш-чаранын негизги максаттарынын бири. "Бажы кызматынын чечиле элек маселелери бар. Бажы процедураларын жеңилдетүү Борбор Азия аймагындагы коопсуздук үчүн шарт түзөт",- деди Жунусов.

Бул жолугушууда премьер-министр Темир Сариев, Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун башкы катчысы Кунио Микурия, парламенттин Экономикалык маселелер боюнча комитетинин башчысынын орун басары депутат Курманбек ДыйканбаевТүрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Рамил Гасанов жана башкалар катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: