super.kg logo

Бишкекте Эл аралык спорт журналисттеринин күнүнө жана өлкөнүн Спорт федерациясынын 20 жылдыгына арналган иш-чара өтүүдө

 

Бүгүн, 2-июлда Бишкекте Эл аралык спорт журналисттеринин күнү жана Кыргыз Республикасынын Спорт федерациясынын 20 жылдыгы белгиленүүдө. Анын алкагында спортту чагылдырган журналисттердин “Кыргыз жергесинин спорт журналистикасы: абалы жана перспективалары” деген аталыштагы биринчи форуму өтүүдө.

Салтанаттуу иш-чаранын башталышында журналистиканын ушул багытын тандап алгандар тууралуу кыска тасма көрсөтүлдү. Көпчүлүк журналисттер жашоосун спортко арноону бала чактан эле чечишкенин жана аларга бул жаатта эмгектенүү позитив алып келерин белгилешти.

Муну менен катар КРнын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин жаңы директору Шейшенкул Бакиров, КРнын Спорттук журналисттер федерациясынын биринчи президенти Аскар Салымбеков кеченин ээлерин майрамы менен куттуктап, чың ден соолук, узун өмүр жана чыгармачылык эргүү каалап өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: