Бейшенбай Жунусов Борбор Азия чөлкөмүндө баңгизатка каршы күрөшчү борбордун директору болуп дайындалды

Бейшенбай Жунусов баңгизаттарды жана психотроптук каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Борбор азиялык аймактык маалыматтык координациялык борбордун директору болуп дайындалды. Анын талапкерлигин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев сунуштап, Казакстан, Азербайжан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери бекиткени айтылды.
Б.Жунусов буга чейин улуттук коопсуздук органдарында жетекчилик кызматтарда жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы болуп иштеген. Аталган борбор баңгизат бизнесине каршы күрөшүүдө аталган өлкөлөрдүн иш-аракетин координациялайт. Уюмдун катчылыгы Алматы шаарында жайгашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

