super.kg logo

"Кыргызстан" партиясынан кыргыз спортчуларына унутулгус белек

 

2-июль - Спорт журналисттеринин күнүнө карата 1000 нускадан турган “Кыргыз спортунун энциклопедиясы” жарык көрдү. Аталган жыйнак “Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, эркин күрөш боюнча СССРдин Спорт чебери, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Байгазы Кенжебаевдин колдоосу астында чыкты.

Спорт журналисттеринин күнүн утурлай Улуттук Олимпиада комитетинде энциклопедиянын бет ачар аземи өттү. Энциклопедияда кыргыз спортуна чоң салым кошкон машыктыруучулардын, эл аралык деңгээлдеги жарыштарда кыргыз өлкөсүнүн желегин бийик көтөргөн спортчулардын, калыстардын ийгиликтери, эмгек жолу тууралуу маалыматтар, фотоматериалдар кеңири берилген. 2011-жылкы мындан мурдагы жыйнакка салыштырмалуу бул чыгарылышы кыргыз спортунун андан берки 4 жылдагы жетишкендиктери жана ийгиликтери менен толукталган.

Партия өкүлдөрү кыргыз спорту жана спортчулары тууралуу өлкөнүн бүткүл аймагына маалымат жеткирүү максатында жыйнакты Кыргыз Республикасынын аймагына таратууну көздөп жатат. “Энциклопедиянын кайсы бир бөлүгүн балдар үйлөрүнө, алыскы аймактардагы китепканаларга акысыз таратуу пландалып жатат. Айрым райондук борборлор, айыл өкмөттөргө жеткирип бердик. Эми Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу алыскы мектептерге таратуу жагын ойлонуштуруп жатабыз”,- дейт “Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Байгазы Кенжебаев. 

Анын айтымында, жаш муундар, элибиз кыргыз спортуна эбегейсиз зор салым кошкон өкүлдөр тууралуу биле жүрүүсү абдан маанилүү. Айта кетчү жагдай, аталган энциклопедияда кыргыз спортуна дайыма ар тараптуу колдоо көрсөтүп келген “Кыргызстан” партиясынын бир катар мүчөлөрү тууралуу да кеңири маалыматтар бар. Мисалы, “Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаев – Көк бөрү федерациясынын лидери. Улуттук спорттун бул түрүнө жыл сайын 3 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнөт. Ошондой эле партиянын дагы бир мүчөсү Шаршенбек Абдыкеримов Күрөш федерациясын жетектейт. Анын колдоосу менен кыргыз балбандары бир катар эл аралык таймаштарда ийгилик жаратып келишет. Быйылкы жылдын эсебинен эле кыргыз спортчуларын колдоо жана кыргыз спортунун өнүгүшүнө Шаршенбек Абдыкеримов 10 миллион сомдон ашуун каражат бөлгөн, ал эми 9 мыкты спортчуну жеке батир менен камсыз кылды.

 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
02.07.2015. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Унуттулгкз белек десе самолёт белек кылган окшойт деп ойлопмун
02.07.2015. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Тан горуу ээй кыргызстанга шайлоону ар торт беш жылда кылбай эле бир жылда эки же уч жолудан кылып койсок бу партияларын ар тармакка жардам берип олкобузду которуп кетишеби дейм.Президентти да бат бат шайлаш керек окшойт.Чыгарбаган акчаларын буларын шайлоодо эле чачат экен келгиле ушул шайлоону кобойтконго референдум откоролу.Менимче элдин баары эле макул болот болуш керек.Казан да май чомуч да май деген заман келет
02.07.2015. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошол Кыргызстан партиясынын желеги Казахстандын желегине окшоп кетет.
02.07.2015. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эми унутулгус дебей эле жон эле чон белек болду десенер болмок, мейли эмне дейбиз кут болсун белегинер.
02.07.2015. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Унутулгус деп аябай баса айтылыптырго. Бул корунуштордун баары шайлоонун жандалбаскан ойундары. Бул партия ото акчалуулардын крутойлордун партиясы,жана да бийликке акча менен келгендер деп айтсак болот. ОШОНДУКТАН булардан умут кылып добуш берууго ото коопту партия десек болот.
03.07.2015. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Хммм.шайлоо алдындагы агитацияда.илибой дурак билдиго. Жогоруда бир тууган жазгандай, шайлооду ар бир жылда кылса болмок.))). Шайлоодон кийин таппай каласынго.
03.07.2015. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
erkekche bular shailoo aldynda gana ushintip kalyshat toovo!
03.07.2015. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lotte - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: