Ошто Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык салтанат өттү











"Учурда шаарыбызда 3000ден ашуун ак халатчандар шаардыктардын саламаттыгын чыңдоого өздөрүнүн бараандуу салымын кошуу менен калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүнүн үлгүсүн көрсөтүшүп, элибиздин алкоосуна арзып жатышкандыгын белгилеп кетүү керек. Алардын арасында шаарыбыздын саламаттыкты сактоо тармагынын аброюн, кадыр-баркын бийикке көтөрүп, элибиздин урмат-сыйына ээ болушкан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген 4 дарыгери, медицина илимдеринин 4 доктору, медицина илимдеринин 4 кандидаты, Даңк орденинин 1, Эрк медалынын 1 ээси, ошондой эле 204 “Саламаттыкты сактоонун мыктысы” эмгектенип жатышкандыгы бизди кубандырат",- деди шаар мэри.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө калкты медициналык жактан тейлөөнүн сапатын жогорулатууга кошкон салымы жана саламаттыкты сактоо тармагындагы ак ниет эмгеги үчүн 40ка жакын медицина кызматкерлерине Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле 10дон ашуун шаардагы медицина ардагерлерине үзүрлүү эмгектери үчүн баалуу белектер ыйгарылды.

