super.kg logo

Ошто аттестат үчүн мектеп бүтүрүүчүсүнөн 15 миң сом пара талап кылган кызматкер кармалды

 

Ош облусунда аттестат үчүн 15 миң сом пара талап кылган билим берүү бөлүмүнүн кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда КРнын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, быйылкы жылдын 1-июлунда Ош облустук ички иштер башкармалыгына Кара-Суу районунун тургунунан арыз түшкөн. Анда Ош облустук администрациясынын билим берүү бөлүмүнүн кызматкери арыз жазган аялдын кызына мектепти аяктаганы тууралуу аттестатты алып берүү үчүн 15 000 сом пара талап кылганы айтылган.

КРнын Ички иштер министрлигинин 5-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери өткөргөн ыкчам иштердин жыйынтыгында Ош облустук администрациясынын билим берүү бөлүмүнүн К.А. аттуу 52 жаштагы кызматкери кармалган. Учурда бул боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин "пара талап кылуу" беренеси менен иш козголду. Иликтөө иштери жүрүүдө.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
02.07.2015. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3850сом экен го )))
02.07.2015. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошон учун мектепти толук окуган деле жакшы болчу.Аттестатты сатып алып,мээлеринде эч нерсе жок,ЖОЖду да кыйратышпайт.
03.07.2015. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу алып бер деп суранып алып анан кайра карматып койгон го чиркин.
03.07.2015. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабакты 5 менен аяктабасан дагы калтырбай ар дайым келип жургон болсон ким акча сурамак эле? Куноо озунордо, двоечниктер!
05.07.2015. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол двоечнике акчага аттестат саткан эжекени камаш керек. Апасына рахмат паракорлорду ушундай кылып жок кылыш кернк
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: