УКМК: "Телефон аркылуу "кафеге бомба коюлган" деп атайылап жалган билдирүү жасаган жаран кармалды"

Телефон аркылуу "кафеге бомба коюлган" деп атайылап жалган билдирүү жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 2-июлда билдирди.
Маалыматка караганда, 28-июнга караган түнү Бишкек ШИИББине белгисиз адам телефон чалып, кафеге жардыруучу зат койгондугун айткан. Окуя болгон жерге УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери барышкан. Кафени жана ага жанаша аймакты изилдеп чыкканда, кандайдыр бир жардыруучу түзүлмөлөр табылган эмес.
Автор: Айпери Ганыжан кызы

2015-жылдын 30-июнунда ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде "телефон чалып жалган маалымат берген" деп шектелип Майрамбек Кубатбеков кармалды.
Ага “терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо” беренеси менен кылмыш иши козголду. Кармалган жаран тергөө-камак жайына киргизилди. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп жатат.
КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине ылайык, терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүүлөр боюнча айып салууга, түзөтүү жумуштарына же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазалар каралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

оз эли жеринде кыйраткансып иш
кылбагандан кийин жон жай потолокко
чарт тукуруп жата бербейби.
Азыр жаны симкарта менен чалып ыргытып жиберем деп ойлогон окшойт да. имей кодту эске албай, келесоо го чын эле.