super.kg logo

"Кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн шеригин мыкаачылык менен өлтүрдү" деп шектелген жаран Казакстанга качып баратып кармалды

 
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы менен Аламүдүн РИИБи биргеликте адам өлтүрүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу 2-июлда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 7-июнунда милицияга Октябрь айылында адамдын жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган кызматкерлер 35-40 жаштар чамасындагы европа улутундагы жаранды колу-буту темирге жана ташка байланган абалда көрүшкөн.
Факты боюнча кылмыш иши козголуп, маркум Чүй облусунун 55 жаштагы тургуну М.А. экени аныкталган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө маркумдун бардык тааныштары сурак беришкен. Алардын катарында М.А. менен акыркы учурларда мамиле куруп келген жарандар: 1964-жылы туулган Т.А. (Бишкек шаарынын тургуну), 1986-жылы туулган С.Б. (мурда соттолгон, Жалал-Абад облусунун тургуну) жана 1974-жылы туулган М.Р. (мурда соттолгон, Чүй облусунун тургуну) да суралган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогоруда аты аталган жарандардын жана маркумдун башка кылмышка катыштыгы бар экени аныкталган.
Маалым болгондой, 2015-жылдын май айында Т.А. жана М.Р. жасалма документ менен маркум М.Анын атынан Бишкек шаарындагы батирге ишеним кат даярдашат. Кийин батирди сатып, үйдү С.Бга документтештирип коюшат.
Мыйзамсыз сатылган батирдин чыныгы ээси К.Э. бул учурда укук коргоо органдарына арыз жазып, "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши ачылган болот. Мындан улам милиция кызматкерлери М.Аны издей башташат. Документтерди жасоого көмөктөшкөн Т.А. кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн маркумга 1000 доллар акча сунуштап, Казакстандын аймагына чек арадан өткөрүп жиберүүнү убадалайт. М.Аны алдап чакырып алган соң кылмышка шектүүлөр аны мыкаачылык менен өлтүрүп, денесинен кутулушат.
Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү, мурда соттолгон М.Р. Казакстандын чек арасынан өтүп, Кайнар айылында колго түшүрүлөт. Ал эми экинчи шектүү Т.А. 10-июнда өз жанын кыйганы белгилүү болду. Учурда иликтөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
02.07.2015. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
М.а. Т.а деп атып эч нерсеге да тушунбой калдым.
03.07.2015. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Izdeim_seni.,
Мен дагы ошондой.
03.07.2015. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Izdeim_seni., ичти эзип койдун го...
02.07.2015. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оа бир окуганда башын айланат экен мааниси жоголуп. кайталап окуп анан тушундум.
02.07.2015. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ма таны өлтүрүп Ка га качыптыр,анан Са болуптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: