Сокулукта айыл чарба продукциялары үчүн соода-логистикалык борбор курулат




Сокулукта айыл чарба продукциялары үчүн соода-логистикалык борбор курулат. 20 гектар аянтка курулуучу борбордун долбоору бир нече этап менен ишке ашырылат. Бул тууралуу 2-июлда Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Биринчи этабында салмагы 6 миң тоннага чейин мөмө-жемиштерди сактоочу жай курулуп, ушул жылдын күз айларында колдонууга берилет. Ал эми экинчи этабында 20 миң тоннага чейинки айыл чарба продукцияларын сактоого мүмкүн боло турган сактагыч 2016-жылы пайдаланууга берилсе, 2017-жылы Ысык-Көл жана Ош облустарында логистикалык борбор курулат.Ошондой эле шире чыгаруучу, алкоголсуз ичимдиктерди эл аралык стандартка ылайык чыгара турган заводду куруу пландалууда. Долбоорго жалпы 15 миллион доллар керектелет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.