super.kg logo

Улуттук китепканада бүгүн жазуучу Сыдык Карачевдин 115 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү өтөт

 

Бүгүн, 3-июлда Улуттук китепканада жазуучу, журналист Сыдык Карачевдин туулгандыгынын 115 жылдыгына арналган "Таланттуу акын, прозаик, драматург жана котормочу" аттуу китеп көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу аталган китепканадан билдиришти.

Жазуучу, журналист, кыргыз профессионал адабиятын баштагандардын бири С.Карачев Түп районунун Жылуу-Булак айылында 1900-жылы туулган. Анын чыгармачылыгы ыр жазуудан башталган. Ырлары "Кедей эрки", "Ак жол" деген гезиттерге, "Шолпан", "Жас кайрат" деген журналдарга чыгып турган. Анын "Аялдар салтанаты", "Шаңдан жүрөк", "Досума", "Айылдагы курбума", "Эл сагынуу", "Күзгү түн", "Жаштыгымды сагынам" сыяктуу ырлары жарык көргөн.

С.Карачев кыргыз прозасы менен көркөм котормосуна негиз салгандардын бири катары да белгилүү. 1919-жылы "Сүйгөнүнө кошула албады", "Үйлөнүүдөн качты" деген повесттери, "Күкүк менен Зейнеп", "Армандуу эки жаш" жана башка аңгемелери гезит-журналдарга жарыяланат. 1928-1929-жылдары "Эрик таңында" аңгемеси, "Эрксиз күндөрдө" повести, "Теңдик жолунда", "Төрага Зейнеп", пьесалары өзүнчө китеп болуп чыккан. Ошондой эле бир нече классикалык чыгармаларды: Пушкиндин "Дубровский", "Бекетчи", Толстойдун "Шалпаң кулак" ж.б. которгон. Ал кыргыздын туңгуч котормочуларынын бири болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: