super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков авиакырсыкка байланыштуу Индонезия парламентинин жетекчиси Сетья Новантого көңүл айтты

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Медан аймагындагы индонезиялык аскердик-транспорттук учактын кыйроосунан улам көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген кырсыкка байланыштуу Индонезия Республикасынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Сетья Новантого көңүл айтты. Көңүл айтуу телеграммасында мындай деп айтылат:

“Улуу даражалуу Сетья Нованто мырза, 2015-жылдын 30-июнунда Медан аймагында индонезиялык аскердик-транспорттук учагынын кыйроосунан улам көптөгөн адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айткан сөздөрүмдү жеткирип коюуңузду өтүнөм”.

Эскерте кетсек, 30-июнда Индонезияда Hercules C-130 аскердик учагы кулап, борттогу 113 адам каза тапкан. Учак абага жаңы көтөрүлгөндө Суматра аралындагы Медан шаарында жайгашкан мейманканалардын үстүнө кулаган. Кырсыктан каза болгондордун жалпы саны 140тан ашканы маалымдалды






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: