super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлиги күн ысык болгон учурда ден соолукка кам көрүүнүн жолдорун эскертти

 
Өлкө аймагында абанын температурасы 2-4-июль күндөрү түнкүсүн +20-25°C, күндүз +41°C болору күтүлүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскерткен эле. Ушул тапта Кыргыз Республикасынын көпчүлүк аймактарында абанын температурасынын жогору болуп жатканы байкалууда.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги күн ысык болгондо ден соолукка кам көрүү жолдору тууралуу 2-июлда билдирүү таратты.
"Аба ырайынын кескин жогорулап кетиши адамдын организмине, өзгөчө жүрөк-кан тамырлар системине терс таасирин тийгизет. Мындай аба ырайында ысык өтүп кетпеш үчүн күндө көп туруу сунушталбайт.
Ысык өтүп кеткенде адамдын башы ооруп, кускусу келе баштайт. Жүрөгү тез согуп, териси кызарат да, муздак тер чыгышы ыктымал. Ошондой эле дене табы 41°Сге чейин көтөрүлүп, эс-учун жоготуу коркунучу бар.
Күн ысыган учурда күндөн сактоочу баш кийимсиз сыртка чыкпоо керек. Муздак суу, шире, көк чай ичкенге болот, бирок спирт ичимдиктерин жана кофе ичпей туруу зарыл. Бир күндө 2,5 литрге чейин суюктук ичкен маанилүү.
Абанын температурасы +25°Сден ашкан учурда дарылоочу массаж, кара жумуш жасоо, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо жүрөк-кан тамырларына зыян алып келет",
- деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: