super.kg logo
  Саясат  

Түркиянын Анкара шаарында кыргыздын улуттук өзгөчөлүгү даңазаланган кече өттү

 

Анкара шаарынын Кечиорен районунда 29-июнда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги жана Кечиорен райондук администрациясы тарабынан Орозо айына карата VI Эл аралык Орозо фестивалынын алкагында Кыргыз Республикасы кечеси өттү. Алгач фестивалда кыргыз боз үйүнүн ачылышы жасалып, анын ичине Каракол шаарынан алынып келинген кыргыздын уз-чеберлеринин кийизден жасалган буюмдары коюлуп, келген коноктордун кызыгуусун арттырды. Каалоочулар сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушту. 

Түркиянын экология министри Идрис Гүллүже, кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов, Кечиорен муниципалитетинин башчысы Мустафа Ак жана Каракол шаардык кеңешинин төрагасы Афтандил Абдыкадыров фестивалдын ачылышында сөз сүйлөшүп, жалпы элди Орозо айы менен куттукташты. 

Кеченин катышуучуларына кыргыз жеринен барган "Айкөл" тобу жана Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын "Жаш тилек" бий ансамбли өнөрлөрүн тартуулап, майрамдык маанай жаратышты. 






Анкарада кыргыздын улуттук буюмдары даңазаланган кече өттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: