Борбор шаарда “Дүйнө баңгиликке каршы” аттуу көргөзмө болот
5-март күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Дүйнө баңгиликке каршы” аттуу көргөзмө ачылат. Анда баңгиликке каршы "Maya Planet" улуттар аралык интернет сынагынын жеңүүчүлөрүнүн эмгектери коюлат. Бул сынак 18 айдан бери 150 мамлекеттин чыгармачыл адамдарынын башын бириктирип келген. Көргөзмөнүн максаты - жаштардын көңүлүн баңгилик маселесине буруу жана баңгизат колдонгондордун чыныгы жүзүн көрсөтүү. Көргөзмөгө баңгиликке байланыштуу көптөгөн сүрөттөр коюлмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.